Кечээ, 17-февралда Бишкек шаарында шахмат боюнча өлкө чемпионаты башталганын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке жалпы 93 спортчу (60 эркект, 33 кыз-келин) катышып жатат.
Чемпионаттын ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Аскар Мадаминов, Кыргыз шахмат союзунун вице-перзиденти Адилет Аттокуров катышты.