Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы кризиске каршы планды ишке ашырууга 126 млрд сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 124 | 0

2022-жылы кризиске каршы иш-чаралардын планына 51 иш-чара камтылып, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 млрд сом каралган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары тууралуу коллегиянын жыйынында министр Данияр Амангелдиев билдирди.

Министр белгилегендей, акыркы дүйнөлүк окуялар жана эл аралык рыноктордогу туруксуздук Министрлер кабинетин тышкы таасирлерди жумшартуу жана жеңүү үчүн антикризистик планды иштеп чыгууга мажбур кылды.

«Кризиске каршы иш-чараларга 51 иш-чара камтылып, планды ишке ашырууга бюджеттен 126 млрд сом каралган», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM