Биз менен байланышыңыз

Адис: Курулуш сапаттуу болушу үчүн техникалык көзөмөлдү күчөтүү керек

Коом | 17 Фев 2023 | 746 | 0

Бишкекте заманбап курулуштун сапатын камсыздоо максатында ушул тармакты көзөмөлдөгөн компаниялар менен ишканалардын өкүлдөрү чогулду. Жыйында өлкөдөгү акыркы он жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн, ошондой эле учурда салынып жаткан имараттардын сапаты тууралуу сөз болду. Курулушту көзөмөлдөөчү органдар үйлөр бүгүнкү күндөгү талаптарга ылайык салынышы керек экенин белгилешет. Ал эми курулуш компаниялар заманбап, сапаттуу үйлөрдү куруп жатканына ишендиришет. Кыргызстандын курулуш тармагында кандай көйгөйлөр бар? Көзөмөлдөөчү органдар сапаттуу курулуш иштерин жүргүзүүгө канчалык жардам берет? 

Курулуштагы көйгөйлөрдү талкуулаган иш-чара «Экспертиза жана техникалык көзөмөл» компаниясы тарабынан уюштурулду. Аталган ишкананын аткаруучу директору Талантбек Жусуев Кыргызстанда көпчүлүк курулуш компаниялары өзү салып жаткан үйлөргө көзөмөл кыларын айтат.

Ал текшерүү иштерин башка көз карандысыз мекемелерге тапшыруу керектигин сунуштайт. Ошондой эле Кыргызстанда курулуш тармагында эске ала турган жагдайлар көп экенин кошумчалады.

«Өлкөдө сапатты көтөрүү боюнча эске алуучу жагдайлар өтө көп. Кээ бир тармактарда мамлекеттин ресурсу жетпей калууда. Көз карандысыз көзөмөлдөөчү компаниялардын өнүгүшү, көбөйүшү менен сапатка болгон көз караш өзгөрүшү керек. Сапатка болгон көз караш дүйнөлүк деңгээлге чыгышы керек. Ал эми биздин ишкана ар бир өзүбүздүн көзөмөлдөгү объектини котловандан баштап, бүткөнгө чейин көзөмөлдөйбүз. Андагы бардык инфраструктураны да карап, тастыктап беребиз».

Бишкектеги курулуш компаниялардын биринин жетекчиси Алымбек Казиев бүгүнкү иш-чарада маанилүү сунуштар айтылып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн көзөмөлдөөчү ишканалардын пайдасы чоң.

Мындан сырткары ал учурда курулуш тармагы тез өнүгүп жатканын, замандын талабына жооп берген үйлөрдү курууга аракет кылуу керектигин айтты.

«Бүгүнкү иш-чара Кыргызстандагы курулуш иштеринин сапаты тууралуу болуп жатат. Мында абдан керектүү сунуштар, кеңештер, пикирлер айтылып жатат. Техникалык көзөмөлдөөчү ишканалар курулуш тармагын текшерип, сапаттуу болушуна чоң салым кошууда. Бизге керектүү көптөгөн маалыматтар берилүүдө. Мындан кийин да ушундай ишканалар менен иштешип, өзүбүздүн да билим деңгээлибизди жогорулатуу керек. «Мурдагы алган билим азыркы курулуш иштеринин айкалышына жардам берет го» деген ишеним бар. Курулуш — аябай жоопкерчиликтүү жумуш. Эл ишенип кайрылып жатса, ошого жараша сапаттуу куруу керек. Азыркы жашоонун деңгээлине жараша көп нерселер өзгөрүп жатат».

Ал эми курулуш тармагы боюнча адис, инженер Бактыбек Кыдыралиев Түркия, Сириядагы болгон катуу зилзаладан кийин үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурулушу керек деп эсептейт.

Адис кардар да үй алып жатканда анын сапатына тынчсызданышы керектигин айтат. Ал бүгүнкү күндөгү өлкөнүн курулуш тармагына төмөндөгүдөй баа берди.

«Курулуш тармагындагы сапат жакында болгон зилзаладан кийин өтө актуалдуу болуп жатат. Кардарлар салынып жаткан үйлөрдүн сапатына көңүл бурушу керек. Азыркы курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты эмнеден көз каранды? Биринчиден, курулган үйлөрдү, имараттарды ким көзөмөлдөп жатат? Көзөмөл мамлекеттик же жеке компания тараптан текшерилип жатабы? Ал эми бизде көбүнчө курулуш компаниялары өзү куруп, өзү көзөмөл кылат. Бул — негизсиз нерсе. Себеби курулуш компаниялары курган үйлөрдү текшерген адис көз карандысыз болушу керек».

Түркияда февралдын башында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталгандан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу, сапаты тууралуу маселе көтөрүлдү.

Сейсмикалык адистер эгер өлкөдө катуураак жер титирөө болсо, жаңы тургузулган имараттардын көпчүлүгү урап калышы ыктымалдыгын айтышууда.

Ал эми курулушчулар, көп кабаттуу курулушка уруксат берген мекемелер жаңы технологиялар менен курулган заманбап имараттар бекем болорун белгилеп келишет. Парламентте да атайын комиссия түзүлүп, үйлөрдүн сапатын текшерүү талабы коюлган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилип жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM