Биз менен байланышыңыз

«Түркия – бир жүрөк» марафонунда 6 миллиарддан ашык доллар чогулду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2023 | 757 | 0

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн «Түркия – бир жүрөк» урааны астында өткөн кеңири масштабдагы телемарафондон 6 миллиард 106 миллион АКШ доллары чогулду. Бул маалыматты Anadolu агенттиги билдирди.

Марафонго дүйнөнүн булуң-бурчунан 213 телеканал жана 562 радио колдоо көрсөткөн. Түз чалуулардан тышкары 9 миллион 10 миң смс келген.

Кайрымдуулук акциясы учурунда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган түз эфирге чыгып, жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына көңүл айткан.

«Биздин максат – бир жылдын ичинде ар бир бузулган имараттын ордуна коопсуз жана тынч жашай турган үйлөрдү куруу. Биринчи этапта өкмөт 100 миллиард лира бөлгөн. Бүгүнкү акцияда чогулган ар бир лира жер титирөөдөн жабыркагандардын муктаждыктарына жумшалат», — деген ал.

Мындан тышкары марафондо Түркиянын белгилүү маданият өкүлдөрү түз эфирде чалууларды кабыл алышкан

Дүйнөнүн булуң-бурчунан байланышкан саясатчылар, ишкерлер өнөр адамдары жана спорт дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары түз эфирге чыгып, түрк элине колдоо көрсөткөн.

Алардын арасында БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп жана Түркиянын футбол федерациясы, банктар жана каржы мекемелери, коммерциялык түзүмдөр жана кайрымдуулук фонддору бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM