Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эхинококкоз оорусу көбөйүүдө

Ден соолук | 15 Фев 2023 | 1628 | 0

Кыргызстанда эхинококкоз оорусун жуктургандардын саны өстү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. 2021-жылы 800дөн ашык учур катталса, 2022-жылы бул оору 900дөн ашык адамдан аныкталган. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүн Бишкек жана Ош шаарларында жашагандар түзөт. Себеби эки шаарда тең ички миграция күч алган. Ал эми дарыгерлер бул ооруну жуктургандардын саны эмне себептен көбөйүп жатканын, ал кандай кесепеттерге алып келери тууралуу маалымат беришти. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкөдө эхинококкоздун 888 учуру катталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 923тү түздү.

Эхинококкоз – боордо, өпкөдө жана башка органда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору.

Эхинококкоз менен негизинен адамдар жана үй айбандары ооруйт. Эхинококк жаныбарлардын ичегисинде өсүп жетилет да, денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыгып, тегерегиндеги чөп, бакча, буюмдарды жана башкаларды булгайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы, эпидемиолог Айжаркын Эгембердиева өлкөдө эхинококкозду жуктургандардын саны көбөйгөнүн белгиледи. Бейтаптар ооруну күчөтүп алган учурда гана кайрылып жатышат. Ошол себептен учурда министрлик тарабынан эл арасында оорудан сактануу, алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

«Бүгүнкү күндө эхинококкоз оорусу көбөйүп жатканы баарына белгилүү. Биз оорунун көбөйүп жатканын кантип аныктадык? Качан оору диагностикалык жактан тастыкталганда айтабыз. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ооруну көбүрөөк изилдей баштагандан тарта жуктургандардын саны өсүп жатканы аныкталды. Көбүнчө айылдарда, мал чарбасы менен алектенген жерлерде бул оору күч алган. Биз айылдарды көбүрөөк текшерип, аныктай баштадык».

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева эхинококкоз мите курт ооруларынын ичинен эң оор түрү экенин айтат. Бул оору операциялык ыкма менен гана сакаят.

Дарыгер акыркы убакта эхинококкоздун ракка тете түрлөрү менен ооруган бейтаптар катталып жатканын кошумчалады.

«Бул оору мите курт ооруларына кирет. Ал адамга жаныбарлар аркылуу жугат. Көбүнчө үй жаныбарларынан жугат. Эхинококкоз менен ооруган адамдын боорунда, өпкөсүндө, мээсинде ыйлаакча болот. Оорунун жалпы белгилерине алсыздык, баш оору, шишик, ички жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү кирет. Акыркы убакта адамдар бул оорунун эң бир оор түрү альвеококкоз менен ооруп жатат, ал — рак менен барабар. Эхинококкоздон хирургиялык операция жолу менен гана сакайтса болот».

Ал эми мите курт ооруларынын дарыгери Гүлнара Миңбаева эхинококкоздон сактануу жолдорун айтып берди.

«Айрыкча үй жаныбарларын кармагандар гигиеналык эрежелерге өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Иттерге жана башка жаныбарларга тийгенден кийин тамак ичердин алдында, дааратканага баргандан кийин колду самындап өз убагында жууп туруу организмге инфекциянын киришинен сактайт. Булактан, суу сактагычтан, кудуктан жана башка жаратылыш булактарынан алынган сууну колдонуудан мурун кайнатуу керек. Этти да этияттык менен иштетүү абдан маанилүү, анткени анын курамында эхинококк личинкалары болушу мүмкүн. Балдарды жаныбарларды кучактоодон, сылап-сыйпоодон алыс болууга үйрөтүү керек».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан уюштурулган долбоорго катышууну пландап жатат.

Эгер долбоор ишке ашса, эхинококкозду алдын алууга, эрте стадиясында табууга жардам берет. Себеби ооруну атайын техникалык каражаттар аркылуу аз убакытта аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM