Биз менен байланышыңыз

ЮНИСЕФ: Түркиядагы жер титирөөдө жабыркаган балдардын саны 4,6 миллионго жетти

Кыска кабар | 15 Фев 2023 | 355 | 0

Түркия менен Сириядагы жер титирөөлөрдө каза болгондордун жалпы саны 35 миңден ашып, жүз миңден ашуун адам жараат алган. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул 1939-жылдагы жер титирөөдө каза болгондордун санынан көп экенин, февраль апааты Түркиянын заманбап тарыхындагы эң кыйраткыч кырсыкка айлантканын айтты.

Сирияда каза болгондордун жалпы саны козголоңчулардын анклавында жана өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда набыт болгондорду кошкондо 5800гө жетти.

ЮНИСЕФтин өкүлү Жеймс Элдер журналисттерге: «Түркияда эки жер титирөөдөн жабыркаган 10 провинцияда жашаган балдардын жалпы саны 4,6 миллионду түздү. Сирияда 2,5 миллион бала жабыркады», — деп билдирди.

Түркия ишкерлер конфедерациясынын демалыш күндөрү жарыялаган отчётунда жер титирөөдөн келтирилген экономикалык зыян 84,1 миллиард доллар деп бааланды.

Copyright © 2017 Maral FM