Биз менен байланышыңыз

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 36 миңден ашты

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 173 | 0

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө курман болгондордун жалпы саны 36 миңден ашты. TRT haberдин маалыматына караганда, Түркияда каза болгондордун саны 31 миң 643кө жетип, 80 миң 278 киши жабыркады. Кырсык болгон аймактан 158 миң 163 адам эвакуацияланды.

Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, Сирияда жер титирөөдөн кийин 4614төн ашуун адам мерт кетти.

Түркиянын түштүгүндө 6-7-февраль күндөрү миллиондон ашык адам жашаган Газиантепке жакын жерде күчтүү жер титирөөлөр болду. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги гуманитардык жардам чогултууда, куткаруучулар тобу жеринде иштөөдө.

Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM