Биз менен байланышыңыз

Түркияны колдоо максатында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Номерлер

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 561 | 0

Кыргызстан Түркиядагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча которо алат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Президенттин Администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которушканы кабарланды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдөн 3381 адам каза болуп, 20 миңден ашык адам жабыркады. Өлкөдө кеминде 5775 имарат кыйрады.

Copyright © 2017 Maral FM