Биз менен байланышыңыз

300дөй адам чыккан митинг: Өскөн-Ордо конушундагы жер чыры

Коом | 13 Фев 2023 | 638 | 0

Бүгүн Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун 300гө жакын тургуну митингге чыкты. Алар Аламүдүн райондук администрациясынын алдына чогулуп, жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү суранышууда. Конуштун тургундарынын айтымында, жерди саткан адамдын көзү өтүп кеткен. Ээсинин көзү тирүүсүндө конуштун 500дөн ашык тургуну ишеним кат алууга жетишип, көпчүлүгү ага да үлгүрбөй калышкан. Жерге тиешелүү документтердин түп нускасы ошол каза болгон адамда болгондуктан учурда кызыл китеп чыгарта албай келишет. Маселени чечип берүү үчүн тургундар сегиз ай мурда акимиатка арыз жазышкан. 

Бүгүн Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун 100гө жакын тургуну Аламүдүн райондук администрациясынын алдына чогулуп, жер тилкесин мыйзамдаштырып берүүсүн талап кылышты.

Жердин ээси каза болуп калганына байланыштуу бүгүнкү күндө бул жерлерге маркумдун жубайы ээлик кылууда.

Тургундардын сөзүнө караганда, жубайы тиешелүү документтерди берүүгө кошумча акча талап кылып жатат.

Аталган конуштун жашоочусу Бактыбек Кулманбетов буга чейин райондук администрацияга жазылган 500дөй адамдын арызы жок болуп жатканын айтты.

Тургундар 8 ай мурун райондук администрацияга арыз менен кайрылышкан. Азыркы күнгө чейин эч кандай жылыш болгон эмес.

«Мына 8 айдан кийин келсек, арыз жазган 500дөй адамдын арызы жок болуп жатат дешти. Дагы бир келгенибизде аким өзү айтты, баягы жазган арызыңар жарабайт деп. Бизге кайра башынан жазып бергиле деген. Ал эми биздин арыздарды жердин ээсинин жубайы Дина эжеге берип коюптур. Кайра эмнеге бердиңер деп ызы-чуу кылсак, биз берген жокпуз деп сөздөрүн артка алып жатышат. Кайра эле элди алдап, документтерди бүтүрө калалы деп калышат. Биз эгер минтип чогулуп, өзүбүздүн укугубузду коргобосок, булардын бизге жардам берели деген ойлору жок».

Аталган конуштун дагы бир жашоочусу Аскат Мирбековдун айтымында, жердин документи жок болгондуктан алар райондук ооруканага бара алышпай, жеке менчик ооруканаларга кайрылууга аргасыз болушууда.

Мындан сырткары ал дагы кандай көйгөйлөр болуп жатканын айтып берди.

«Ушул жердин документтери боюнча акимиаттын алдына чогулуп жатабыз. Буга чейин биздин документтер жоголуп кетти деген имиш укканбыз. Келсек чынында эле документтерибиз жок болуп кетиптир. Бүгүн эл чогулуп келгенден кийин эле документтерибиз пайда болуп калды. Президентке кайрылам, ушул Өскөн-Ордонун элинин жеринин документтерин өз колуңузга алууңузду суранабыз. Документ жок эч жакка кайрыла албайбыз. Чыныгы паракор биз болуп калдык. Балдарыбызды мектепке алып бара албайбыз. Ооруканага да баралбайбыз. Эч нерсе кылалбай калдык».

Ал эми Аламүдүн районунун акиминин биринчи орун басары Бакыт Абдыгулов бүгүнкү күндө келип түшкөн арыздарды карап чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн айтты.

Ал 8 айдын ичинде комиссия бардык арызды карап чыгууга физикалык жактан жетишпей жатканын белгиледи.

Абдыгулов мыйзамга ылайык, эки жылдын ичинде бүт арызды карап чыгуу керектигин кошумчалады.

«Арыздар келип түшкөн. Бүгүнкү күндө арыздардын баары каралып жатат. Корутундулар алынгандан кийин комиссия өзүнүн отурумун өткөрөт. Баарына белгилүү, бул жерде тургундардын жеринин ээлери бөлөк болуп жатат. Убагында Өскөн деген киши жерлерин сатып, элге бөлүп берген. Бүгүнкү күндө бул киши кайтыш болуптур. Көп адам убагында ишеним катты алууга жетишпей калган. Учурда сот аркылуу чечилеби, кандай болору каралып жатат. Биз комиссияда бул боюнча карап чыгабыз».

Президент Садыр Жапаров буга чейин уруксатсыз салынган турак жайларды трансформациялоо тапшырмасын берген. Анын негизинде эки жыл мурун Сокулук районунун ЖЭБ-2 конушундагы 680ден ашык адамга жер тилкесин күбөлөндүрүүчү документ тапшырылган.

Өлкө боюнча бүгүнкү күндө жалпы 130 миңге жакын үй мыйзамсыз курулган. Алардын көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM