Биз менен байланышыңыз

Асел Жураеванын тасмасы эл аралык фестивалда «мыкты сценарий» наамын жеңди

Кыска кабар | 13 Фев 2023 | 215 | 0

Ирандын Тегеран шаарында өтүп жаткан 41-Фажр кинофестивалында кыргызстандык режиссёр Асел Жураева тарткан «Теңирберди» тасмасы «эң мыкты сценарий» номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» студиясы кабарлады.

Маалыматка караганда, фестивалга тасманы тарткан чыгармачыл топтун атынан оператор Караш Жанышов катышкан. Бул эмгек «Азиянын чыгармачыл аялдары» коомдук фонду менен Т.Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын биргелешкен эмгеги.

«Теңирберди» тасмасы 2018-жылы тартыла баштап, 2020-жылы аяктаган. Бул кино чыграмачыл топтун алгачкы толук метраждуу тасмасы. Буга чейин документалдуу жана кыска метраждуу тасмаларды тартып келген, сценарийинин авторлорунун бири Темир Бирназаров.

Тасмада чакан айылда жашаган ден соолугу начар, абышка-кемпирдин үйүнө белгисиз бирөөлөр алты айлык ымыркайын таштап кетишет. Алар баланы бийликке өткөрүп берүүнү көздөйт, бирок жаш балдардын органдары сатылып жатканын угуп, өздөрүнө алып калууну көздөйт. Ымыркайды багуу чал кемпирдин жашоосун башка нукка бурат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM