Биз менен байланышыңыз

Түркияга жардам. Атайын эсепте канча каражат топтолгону айтылды

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 273 | 0

Кыргызстандыктар Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга 12 миллион сомдон ашык акча чогултушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин ачылган атайын эсепке ушул тапта 12 миллион 350 миң сом чогулду.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин борбордук казынасында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро менен акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААКы,

ИНН 01803199710084,

БИК 135001,

ОКПО 30597768,

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, доллар, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Ошондой эле ӨКМ түз байланышы иштеп жатат. Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— Президенттин Администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркиянын вице-премьер-министри Фуат Октай журналисттерге каза болгондордун саны 24 617ге жеткенин билдирди. Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, Сирияда ушул кезге чейин 3553 адамдын сөөгү табылган. Бул эки өлкөдө тең мүрт кеткендердин жалпы санын 28,100дөн ашты. Тирүү калгандарды издөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM