Биз менен байланышыңыз

Ташкентте Борбор Азиянын энергетика тармагындагы өкүлдөрү жолугат

Кыска кабар | 12 Фев 2023 | 147 | 0
Бишкек жылуулук электр борбору.

15-16-февралда Ташкентте (Өзбекстан) «Борбор Азиянын жылуулук энергетикасы» аталышында эл аралык форум жана көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасынан кабарлашты.

Иш-чара Борбор Азиянын энергетика тармагы боюнча өндүрүүчү ишканалары, инвесторлор, алдыңкы жабдууларды чыгаруучу компаниялар, технологиялык лицензиарлар, инженердик жана долбоорлоо, курулуш компаниялары үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат.

Энергетика компанияларынан, инвесторлордон, өкмөттөрдөн жана жабдууларды жеткирүүчүлөрдүн турган 200дөн ашык катышуучу келери күтүлүүдө.

Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын,  Азербайжандын, Грузиянын, Армениянын, Ирандын жылуулук электр борборлорунун жаңы курулуштары жана станцияларды модернизациялоо боюнча презентациялар жасалат.

Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушуулар, расмий эмес форматтагы сүйлөшүүлөр да орун алат.

Copyright © 2017 Maral FM