«Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча концепция бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин 10-февралдагы жыйынында кабыл алынды.
Мындай чечим президенттин жарлыгын жана «Манас – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.