Марал Радиосу

 «Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча концепция бекитилди

«Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча концепция бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин 10-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

Мындай чечим президенттин жарлыгын жана «Манас – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Exit mobile version