Биз менен байланышыңыз

Эртең Түркияга дагы 100 куткаруучу, 6 дарыгер жөнөтүлөт (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 279 | 0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эртең, 12-февралда дагы 100 куткаруучу, алты дарыгер Түркияга жардам берүү үчүн жөнөтүлөт. Кабарды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков «Фейсбук» баракчасына жазды.

Куткаруучулар жана дарыгерлер өздөрү менен кошо 120 боз үй, 20га чукул аскер чатыры, талаа госпиталына ылайык 1 аскер чатырын ана башка гуманитардык жардамдарды ала кетишет.

Айта кетсек, 6-февралда курамында психолог, фельдшер дарыгерлери, кинологдору бар 67 куткаруучу Түркиядагы зилзаладан жабыркаган аймактарга жөнөтүлгөн.

Бүгүн, 11-февралда Кыргызстандын куткаруучулары бир адамды урандылардын астынан тирүү табышканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM