Биз менен байланышыңыз

Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар бир адамды тирүү табышты (видео)

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 719 | 0

Бүгүн, 11-февралда Түркиянын зилзала болгон аймактарында кызмат өтөп жатышкан Кыргызстандын куткаруучулары бир адамды тирүү табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө Кыргызстан менен Түркиянын куткаруучулары биргеликте саат 2:30-3:30 чамасында кыйраган имараттын астынан бир адамды тирүү табышкан.

Кахраманмараш шаарынын Он эки шубат махалласы аймагындагы урандылардын астынан тирүү табылган бул адам кыйраган имараттын бешинчи кабатында жашаган 16 жаштагы Түркия жараны экени айтылды.

Айта кетсек, Кыргызстандан 67 куткаруучу Түркиядагы зилзала болгон аймактарга жардам берүү үчүн 6-февралда жөнөп кетишкен.

Эске салсак, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM