Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Азаттыктын» президенти Жейми Флайды кабыл алды

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 223 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров атайын өтүнүчтүн негизинде «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайды кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын иштешине шарттар бар экенин, сөз эркиндиги коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын билдирген. Ошондой эле баарына бирдей улуттук мыйзамдарды сактоо талабы коюларын, жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынарын белгилеген.

Айта кетсек, 9-февралда Жейми Флай баштаган «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын жетекчилери айрым депутаттар менен жолугушкан.

Өткөн жылы 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн. Быйыл 23-январда «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сотко жолдогон доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Мунун негизинде «Азаттык Медиа» «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттыктын» кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тарта чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM