Биз менен байланышыңыз

Депутаттар тобу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчилиги менен жолугушту

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 246 | 0

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин бир топ депутаты «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууга аталган медиакоропорациянын президенти Жейми Флай, Борбор Азия боюнча программалык редактору Толкун Умаралиев, «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева жана Бишкектеги бюросунун башчысы Бакыт Асанов катышты.

Депутаттардан Жанарбек Акаев, Элвира Сурабалдиева, Медербек Алиев, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев жана Эмил Токтошев болушту.

Анда эркин медиалардын ишмердүүлүгү жана бул жааттагы мыйзамдык база тууралуу сөз болуп, ар кандай жагдайларга карабай Кыргызстан демократиялуу, ачык коом бойдон кала берерин белгилешти.

Жейми Флай «Азаттык Медиа» мекемесинин тегерегиндеги кырдаалга кабатырлантып жатканын кошумчалады.

Өткөн жылы 26-октябрда маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн. Быйыл 23-январда «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сотко жолдогон доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Мунун негизинде «Азаттык Медиа» «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттыктын» кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тарта чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM