Биз менен байланышыңыз

Офтальмолог-хирург Алмазбек Исманкуловго кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 11 Фев 2023 | 646 | 0

Офтальмолог-хирург Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын тиешелүү бөлүмүнүн жетекчилиги шаардагы №6 клиникалык ооруканасынын экинчи корпусун Алмазбек Исманкулов жетектеген «Көз микрохургиясы» госпиталына ижарага беришкен.

Жеке кызыкчылыктарын көздөгөн мэриянын кызмат адамдары ооруканада орундардын жетишсиздигине, имаратты жеке тараптын пайдалануусуна берүүгө мүмкүн эмес экенине карабастан, акысын азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришкен. Мындан мамлекет казынасы 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыянга учураган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM