Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча биринчи улуттук изилдөө жүргүзүлдү

Коом | 10 Фев 2023 | 515 | 0

Кыргызстанда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу астында «Окуучулардын ден соолугуна көңүл буруусу» аттуу биринчи улуттук изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөөгө 11 жаштан 15 жашка чейинки балдар катышып, тамактануу, гигиена шарттары, спирт ичимдиктерин колдонуу, бейбаштык жана социалдык тармактарды колдонуу эрежелери боюнча маселелер каралган. 

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн максаты окуучулардын психикалык, эмоционалдык жана физикалык саламаттыгын аныктоо болуп саналат. Анткени изилдөөгө алынган курак балдардын келечектеги кулк-мүнөзүн калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү мезгил болуп эсептелет.

Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчисинин орун басары Алмаз Макенжан уулу айтып, анын зарылчылыгын мындай түшүндүрдү:

«Мектеп жашындагы балдар өздөрүнүн ден соолуктарына кандай мамиле кылат? Аларда кандай көйгөйлөр бар? Бул суроолорго жооп алуу максатында изилдөө жүргүзүлдү. Өспүрүмдөргө багытталган ири улуттук изилдөө буга чейин болгон эмес. Анын жыйынтыгында кандай көйгөйлөр аныкталганына токтолсок: балдар ден соолугуна жеткиликтүү деңгээлде кам көрбөйт, тактап айтканда, туура тамактанбайт, фаст-фут, газдалган суусундуктарды көп ичип жешет, канты көп тамак-ашты тандашат. Мунун баары келечектеги ден соолугуна, физикалык жана моралдык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн».

Изилдөөнүн алкагында аймактардагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы балдар арасында купуя сурамжылоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, балдардын убагында жана туура тамактанбаганы, жигердүүлүгү төмөн, ден соолугу жана иммунитети начар экени, интернет айдыңында өздөрүн коопсуз сезбегени, өлүп алгысы келген ойлордун пайда болгону аныкталган.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова азыркы өспүрүмдөрдүн билинбеген толгон-токой көйгөйү бар экенин айтууда.

«Азыркы балдардын көйгөйлөрү аябагандай көп. Мисалы, ата-энелери эртеден кечке жумушта же үй оокат менен алек болуп, балдарына жетиштүү көңүл бурушпайт. Балдардын мектептерде да өз маселелери болот. Анан да азыркы жаш муун мурункудай эшикке чыгып достору менен ойнобойт, сейилдебейт. Жалаң гана телефон, гаджеттер менен үйдө камалып отура беришет. Ичиндеги арыз-муңун айта турган кишиси жок болгондуктан, өзүнө кол салууга чейин ойлор келип, ошого барып жатышат. Ошондой эле мурункуга салыштырмалуу азыркы балдардын көрүүсү, отуруп туруусу (осанка) өтө начарлап, физикалык активдүүлүгү төмөн болуп кетип баратат». 

ДССУнун Кыргызстандагы атайын өкүлү Шахин Хусейнов аталган изилдөөнүн башка өлкөлөрдө берген жыйынтыгы менен бөлүштү.

«Изилдөөнүн натыйжаларын кийинчерээк практикага ашырып, мамлекеттик саясатка колдонууга болот. Башка өлкөлөрдөгү жыйынтыктарды карап көрсөк, ушул сыяктуу изилдөөлөр ал өлкөнүн саясатын жана практикасынын өзгөрүшүнө алып келди. Мисалы, мектептерде кошумча дене тарбия сабактарын кошуу, канты көп болгон тамак-ашка мыйзамдуу түрдө бөгөт коюу сыяктуу чараларды колдонушту. Булардын баары ушул изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда да колдонулат деп ишенебиз».

«Окуучулардын ден соолугуна көңүл буруусу» аттуу глобалдык изилдөө 50 өлкөдө ар төрт жылда бир өткөрүлөт.

Бул өнөктүк 1982-жылы сунушталып, 1983-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык кеңсеси алгачкы изилдөөсүн жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM