Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Өзбекстанга өтө турган жер астындагы тоннель табылды

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 1068 | 0

Кыргызстандан Өзбекстанга өтө турган жер астындагы тоннель аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы чек ара тилкесинде мыйзамсыз аракеттерге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө, мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан үйдүн арткы бөлмөлөрүнүн биринен тоннель табылды.

Маалыматка караганда, өтмөк Түштүк Фергана каналынын астынан өтөт жана чыга турган жери Өзбекстандын аймагындагы айылдардын биринен табылган.

Тоннелдин бийиктиги 1,5 метрге чейин, туурасы 80 смге чейин, тепкич менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоннелдин узундугу 200 метрге чейин жетет. Бул факты боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

2022-жылы жайында Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен тоннель табылганы бир канча жолу кабарланган. Кылмышка шектүүлөрдүн айтымында, жер астынан өтүүчү жол менен күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана чет элдик валюта мыйзамсыз өтүп турган.

Copyright © 2017 Maral FM