Connect with us

Кыргызстанга Словениянын вице-премьер-министри келди

Кыска кабар | 10 Фев 2023 | 329 | 0

Словениянын вице-премьер-министри, тышкы жана европалык иштер министри Таня Файон ишкерлердин коштоосунда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев словениялык кесиптеши менен кыргыз-словения кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Словениянын тышкы иштер министри Таня Файон менен КРнын бир катар тармактык министрликтеринин жетекчилиги жолугушат.

Бүгүн, 10-февралда «Кыргызстан-Словения» бизнес-форуму өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM