Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тонолуп кеткен үй ээлерине кенемте төлөнө элек

Коом | 9 Фев 2023 | 467 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан.

Бийлик өкүлдөрү жаңы жылга чейин үйлөрдү калыбына келтирип, сапаттуу турак жайларды куруп берүүгө убада кылышкан. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үйү бузулган Баткендин тургундарына 300 миң сомдон берилерин айткан. Жергиликтүү жашоочулар арасында бул боюнча убадалар толук аткарылбай жатат дегендер да бар.

2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуу учурунда мүлкүнөн айрылган Баткен облусунун жашоочулары келтирилген зыян үчүн компенсация алышкан эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Анын айтымында, тажик баскынчылары үйлөрүн өрттөп жиберген тургундар гана компенсация алышкан. Эл өкүлү үйлөрү тонолгондорго да сөзсүз түрдө кенемте төлөнүп берилүүсүн жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнөн бул боюнча отчёт алууну талап кылды.

«Былтыр сентябрь айындагы апаатта Лейлек районундагы Жаңы-жер жана Кулунду айыл өкмөтүндө жабыркаган, үйлөрү күйүп кеткен эмес, мал-мүлкү тонолгон 131 адамдан кайрылуу келип түштү. Кыштын күнүндө баары кыйналып турушат, кенемте төлөнүп берилген жок, материалыдык жактан аябай түйшүк тарытып жатышат. Алардын үйлөрү, мал мүлкү тонолуп материалдык чыгым болушту, ошондуктан аларга кенемте төлөнүп берилиш керек».

Баткен районунун Паскы-Арык айылынын тургуну Толкунбек Ормонов кыргыз-тажик чек арасына 500 метр жакын жерде жашайт. Мындан улам тажик аскерлери тарабынан чабуул жасалганда биринчилерден болуп Толкунбектин үйү өрттөлгөн.

Ал үй-бүлөсүн, төрт баласын Бишкекке туугандарыныкына жөнөтүүгө аргасыз болуп, өзү айылдагы үйүнүн курулуш иштерин бүтүрүп жаткан кези.

Ормонов башында өкмөт тарабынан 200 миң сомдон убактылуу жашоого берилгенин, эми үйдүн курулуш иштери бүткөн соң 100 миң сомдон берилери убадаланганын айтты. Ал эми башка кенемте тууралуу сөз да болбогонун айтууда.

«Мен өкмөткө арыз жазып, анда эмне болгонун, кандай болгонун жазып таштап койдум. Тажиктер 12 кап өрүгүмдү уурдап кетишкен. Ошол эле 350 миң сомдук киреше болмок. А 300 миң сом берилери боюнча айта элек, мен билбейм. Мүлктүк зыяны боюнча кенемте төлөнүп берилсе жакшы болмок. Үйдүн сырты бүткөн, азыр досторум менен ичин бүтүрүп иштеп жатабыз».

Ал эми Лейлек районундагы Достук айылынын жашоочусу Асанбай Орозкулов кенемте төлөнүп берилерин уккан. Бирок бул акча үйдү калыбына келтирүүгө сарпталабы же андан сырткары кенемте катары төлөнүп берилеби, так айтылбаганын белгилейт. Материалдык мүлктүн зыяны өзүнчө төлөнүп берилсе жакшы болот деп эептейт.

«Башында 200 миң сом беришкен. Азыр курулуш иштери бүткөндө дагы 100 миң сом беришет деп уктум. Компенсация деген ушулбу же жокпу билбейм. Үйлөрдү бир айдын ичинде бүтүрүп калабыз. Анан материалдык зыяндын акчасын беришеби же жокпу ошол түшүнүксүз болуп жатат.»

Министрлер кабинетинин башчысы убадалаган кенемте тууралуу маалымат алуу үчүн Финансы министрлигине кайрылганыбызда так маалымат ала алган жокпуз.

Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Марат Дөдөнов каргашалуу окуядан кийин атайын эсеп ачылганын эске салып, анын сарпталышын мындай түшүндүрдү.

«Баткен облусуна жардам берүү максатында президенттин алдында атайын эсеп ачылган. Атайын эсепке 349 млн 3 миң сом чогулган. Анын ичинен 84,4 млн сом жабыр тарткан жарандарга кенемте катары төлөнүп берүүгө багытталган. Мындан сырткары калкты эвакуация, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылуу, күйүүчү май жана башка зарыл болгон материалдарды сатып алууга, зыян тарткар обьектерди кабылына келтирүүгө 210 млн сом жумшалган. Кыргыз-тажик жаңжалында жабыркаган ишкердик субьекттерине бир жолку кенемте төлөнүп берилген».

Былтыр 1-октябрда Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгына токтолгон.

Мындан сырткары Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилерин баса белгилеген.

Маалыматка караганда, жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган турак жайдын ээсине 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Акылбек Жапаров айткан 300 миң сом боюнча көптөгөн тургундардын суроолору бар. Биз тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, алгылыктуу жооп алалган жокпуз.

Кандуу каргашада 600дөн ашуун турак үй, коомдук имарат тонолуп, өрттөлүп, талкаланган. Ак-Сай аймагында эле 180 үй жер менен жексен болгон.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Copyright © 2017 Maral FM