Connect with us

Казакбаев: Анкарада гумжардам кабыл алуу пункту ачылды

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 238 | 0

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер тирөөгө байланыштуу Түркиянын жана Кыргызстандын жабыркаган жарандары үчүн Анкара шаарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Анкара шаарында жардам чогултуу пункту төмөнкү даректе жайгашкан:

Ankara, Çankaya, Kızılay mahallesi, Şehit Adem Yavuz sokak No: 9/5, 9/8.

Ошондой эле жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн элчилик тарабынан Garanti банкында акча каражаттарын которуу үчүн атайын эсептер ачылган:

TR 23 0006 2000 4080 0009 0696 10 (доллар менен которуу үчүн), TR 09 0006 2000 4080 0006 2927 52 (түрк лирасы менен которуу үчүн).

Гуманитардык жардам даяр болгондо, жер титирөөлөрдөн эң көп жабыр тарткан шаарларга жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM