Connect with us

Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы майрамдалат

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 337 | 0

Президент Садыр Жапаров «Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

«Мамлекеттин жогорку баалуулуктары адам, анын жашоосу, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган. Бул документте эгемендүүлүк, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократия принциптери бекемделген. Жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталды» , — деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.

Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы уюштурулат. Ал медаль менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эмгектин ардагерлери жана башкалар, чет элдиктер да сыйланат. Медалдар 1-майга чейин даярдалышы керек.

Чыгымдар президенттин фондунун каражатынын эсебинен каржыланары айтылды.

Министрлер кабинети Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоону мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат.

Copyright © 2017 Maral FM