Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын алты жараны Түркиядан Ташкентке эвакуацияланды

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 261 | 0

Кыргызстандын алты жараны Түркиядан Өзбекстандын Ташкент шаарына эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу билдирди.

«Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30да Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жардамы менен Өзбекстандын атайын учагы аркылуу 6 жараныбыз Ташкент шаарына эвакуациялангандыгын маалымдайбыз. Элчиликтин жана Стамбул, Анталия шаарларындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештерибизди эвакуациялоо жана кырсык болгон аймактарда ар тараптуу жардам көрсөтүү иш-чараларын улантууда» , — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан Түркиядан Казакстан аркылуу 22 жаранын эвакуациялаганын Тышкы иштер министрлиги 9-февралда билдирген.  Казакстандын атайын рейси менен Астанага учуп барган кыргызстандыктарды элчиликтин жана диаспоранын өкүлдөрү тосуп алып, тамак-аш уюштуруп, автожол менен Кыргызстанга жиберишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM