Биз менен байланышыңыз

10-февралда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 153 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-февралда көпчүлүк аймакта кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз +3…+8,

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1…-3 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM