Кыргызгидромет билдиргендей, 10-февралда көпчүлүк аймакта кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6,
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз +3…+8,
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1…-3 градус болот.