Connect with us

Акылбек Жапаров салыктар жакшылык алып келет деп эсептейт

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 310 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын жыйынына катышып, мекеменин ишине оң баа берди. Ал салык жыйноо системасы толук кайра түзүлгөнүн белгиледи.

«Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз, салыктын ставкаларын да көтөргөн жокпуз. Салык системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык кызматы тарабынан 207 млрд 901,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Белгиленген пландан 3,7 млрд сомго ашыкча аткарылган. Чогултулган сумма 2021-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 млрд сомго көп», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал былтыр салык чогултуу жакшырган үчүн жөлөкпулдар жана эмгек акыны жогорулатууга мүмкүн болгонун айтты. Калкты салык төлөөгө үйрөнүшү керектигин, себеби салыктар жакшылыктын айлампасы экенин белгиледи.

«Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар «жакшылык айлампасы» деп аталат, анткени каражаттар андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат», — деди Жапаров.

2022-жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсе көбөйгөн. Учурда 65 миңден ашык ишкер субъектилери ККМ колдонот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM