Connect with us

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миңге жетти

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 307 | 0

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түздү.

Кырсык орун алган аймакта жалпысынан 22 миң 277 издөө-куткаруу кызматкери, анын ичинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 кызматкери иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 аймакта үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус аймактары жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM