Биз менен байланышыңыз

«Азаттыктын» иши боюнча сот отуруму 20-февралга жылдырылды

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 239 | 0

Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырды.

23-январда маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сотко жолдогон доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Мунун негизинде «Азаттык Медиа» «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

Өткөн жылы 26-октябрда маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

«Азаттык Медиасынын» «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлган. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөө комиссиясы «Азаттыктын» кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тарта чакыртып алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM