Биз менен байланышыңыз

Түркиядан атайын борт менен 20дай кыргызстандык эвакуацияланды

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 175 | 0

Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүүнү каалаган 17 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Стамбул жана Анталия шаарларындагы башкы консулдуктары менен бигеликте иш алып барып, Казакстандагы элчилик эвакуацияланган жарандардын Астанадан Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөрү айтылды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 20 жараны Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларынан Анталия жана Стамбул шаарларына эвакуацияланды. Ошондой эле 10 кыргызстандык Түркиянын Хатай шаарынан коопсуз райондорго чыгарылды.

ТИМден белгилешкендей, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйрады. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 7 миң 108, ал эми жабыркагандардын саны 40 миң 910 адамга жеткени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM