Connect with us

Элчи: Түркиядан кыргызстандыктарды Ташкентке алып чыгып кетүүгө макулдашылды

Кыска кабар | 9 Фев 2023 | 499 | 0

Бүгүн, 9-февралдын таңында Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарынан Кыргызстандын жарандарын Газиантеп-Ташкент багыты боюнча Өзбекстандын атайын учагы менен алып чыгууга макулдашылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

«Буга байланыштуу Өзбекстандын аймагы аркылуу мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык жарандарды Газиантеп шаарындагы аэропортко тез арада келүүнү суранабыз» , — деди элчи.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот:

+90 545 6896800, +90 552 8781158, +90 534 8388551.

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 12 миңден ашты.

Copyright © 2017 Maral FM