Биз менен байланышыңыз

Түркияда Кыргызстандын куткаруучулары төрт адамдын сөөгүн чыгарды

Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 817 | 0

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Түркиянын Кахраманмараш шаарында куткаруу иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында жалпы 4 жарандын жансыз денеси табылды.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

6-февралда Түркия менен Сириянын чегиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу барган.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишкен. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылган.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, врач, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар.

Министрлик жакынкы арада Түркияга гуманитардык жардам да жөнөтүлөрүн кошумчалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM