Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугу талкууда

Коом | 8 Фев 2023 | 561 | 0

Түркияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталгандан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн да коопсуздугу, сапаты тууралуу маселе көтөрүлдү.

Сейсмикалык адистер эгер бизде катуураак жер титирөө болсо, жаңы тургузулган имараттардын көпчүлүгү урап калышы ыктымалдыгын айтышууда. Ал эми курулушчулар, көп кабаттуу курулушка уруксат берген мекемелер жаңы технологиялар менен курулган заманбап имараттар бекем болорун белгилеп келишет. Парламентте да атайын комиссия түзүп, үйлөрдүн сапатын текшерүү талабы коюлду.

Соңку жылдары борбор калаада менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабаттуу үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору боюнча да маселе көтөрүлүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болчу, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйыны Түркия менен Сирияда миңдеген адамдын өмүрүн алган апаатка байланыштуу бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Анда айрым депутаттар бул мамлекеттерде катуу жер титирөөдө кыйраган имарат, турак жайлардан улам Кыргызстанда кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунушташты.

Депутат Медер Алиев ири шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатын, коопсуздугун текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

«Ош менен Бишкекте жамгырдан кийинки козу карындай болуп бир топ кабатуу үйлөр көп курулду. Уруксат берилген дагы, берилбеген дагы жерге курулду. Алардын сапаты кандай, коопсуздук талаптарына жооп береби? Эгер жер титирөө болсо канча баллга туруштук берет? Ушунун баарын иликтеш үчүн чукул арада өкмөттүн өкүлдөрү эле эмес, адистерден дагы турган топ түзүп ар бир үйдү текшерип, корутунду чыгарып бериши керек».

Бишкектеги башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн былтыр апрелде 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн болчу.

Эл өкүлү Марлен Маматалиев үйлөрдүн сапатын текшерүүнү буга чейин түзүлгөн депутаттык комиссияга өзгөчө тапшырма менен берүүнү сунуштады.

«Бүгүнкү күндө Түркиядан үйрөнүп келген каркас ыкмасы менен Түштүк магистралда кичи райондорду куруп келе жатабыз. Мен бир ирет архитектурадан «технологиясы барбы» деп сурасам «арматураларды эле көбөйтүп койдук» дешкен эле. Ошол арматуралар көбөйгөнүн ким текшерди, долбоорун ким бекитип берди, туура болдубу же жокпу? Биз мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзгөнбүз. Алар үйлөр мыйзамдуу, мыйзамсыз курулганын эле караган. Ошол комиссия жаңы курулган үйлөрдүн сейсмологиялык жактан сапатын дагы карап берсин».

Талдоочулардын айтымында, дүйнө жүзү боюнча Кыргызстан сейсмикалык жактан «кооптуу» аймакка кирет. Себеби өлкөдө «жер титирөө болбойт» деген аймак жок.

Кыргызстанда жер астында 102 тектоникалык жарака бар. Ушундан улам үйлөрдү, имараттарды салууда өтө этият мамиле кылуу керек. «Боло берет» деген түшүнүктөн алыс болуу абзел» деп белгилешет адистер.

Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиевдин айтымында, Бишкекте жана башка аймактарда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук берерине эч ким кепилдик бере албайт.

Ал союз убагындагы туура жана системалык түрдө болгон долбоорлор сакталбай калганын айтып мындай түшүндүрдү:

«Себеби кайсы гана жаңы конструктивдик системаны ойлоп таба турган болсок, аны илимий изилдөө институттары ойлоп таап, комплекстүү түрдө эксперименталдык изилдөөлөрдү жасап, типтик долбоорлорду жасап иштеп чыгып, андан кийин проекттерди жасаган атайын компания, институттарга өткөрүп, анын негизинде үйлөр салынып келчү.

Ал эми азыр болсо долбоордук мекемелер курулуштун проектисин өздөрү каалагандай чийип алып, үйлөрдү салып жатышат. Алар болсо эскперименталдык изилдөөдөн өткөн эмес. Ошончун жалпы баа берүү туура эмес».

Жаңы көп кабаттуу үйдү кура баштагандан мурун атайын адистер анын толук кандуу конструкциясын аныктап корутунду чыгарып беришет. Андан кийин Сейсмикалык институту менен Башкы архитектура жердин сеймикалык жаткан туруктуулугун аныкташат. Мындан соң курулуш иштерине уруксат берилип, иштер жүрө баштайт. Бул тууралуу “Авангард стиль” курулуш компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Данияр Урманбетов айтты.

Ал жаңы үйлөрдү куруп жаткан учурда анын коопсуздугуна жана сапатына өзгөчө маани бериле турганын кошумчалады.

«Биздин компания жаңы көп кабаттуу үйлөрдү курууда толугу менен Орусиянын арматурасын колдонот. Жана ар бир бетонду алып жатканда атайын лабораторияга жөнөтүп, эскпертизадан өткөрөбүз. Курулуш материалдардын сапатына сөзсүз түрдө маани беребиз, себеби бул күндүн талабы».

Тартип боюнча жаңы конструкциялык схеманы, вибромашина менен титиретип туруп, жарамдуулугун текшергенден кийин гана тыянак чыгарса болот. Бирок мындай аракеттер 1980-жылдардан бери боло электигин адистер айтып келишет.

Курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын жер титирөөгө туруштук бере аларын сырттан көрүп айтууга болбойт.

Аларды атайын аппарат менен титиретип, нормативин текшерип, кайрадан эсептеп чыгуу керек, андан кийин кароодон өткөрүп, бетондун калыңдыгын, арматуранын туура салынганын изилдеп тыянак чыгаруу керек. Жөндөн-жөн эле туруп, «бул жер титирөөгө туруштук бере алат» деп айтуу туура эмес», — дейт адистер.

Copyright © 2017 Maral FM