Connect with us

Кыргызстандын Түркиядагы сегиз жараны коопсуз жайга көчүрүлдү

Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 169 | 0

Кыргызстандын Түркияда жашап жаткан сегиз жараны жер титирөө катталган Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жайга эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Малатья шаарында тогуз кыргызстандыкка жардам көрсөтүлүүдө, алардын ичинде эки бала жана кош бойлуу аял бар. Министрликтин маалыматына караганда, убактылуу жайларга жайгаштырылган кыргыз жарандары жылуу кийимдер, жууркан-төшөктөр, суу жана тамак-аш менен камсыздалды. Кырсык болгон аймактагы иштер коммуникация, интернет жана электр жарыгындагы техникалык көйгөйлөрдөн улам татаалдашууда.

Ошондой эле Анкара жана Стамбул шаарларында да жабыркаган Кыргызстандын жана Түркиянын жарандары үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары ачылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM