«Фейктерге каршы» мыйзамдын иштеши жана сөз эркиндигине карата кысым тууралуу «Марал» радиосунун түз эфиринде талкуу болду. Суроолорго журналист, фактчекер Асел Сооронбаева, көз карандысыз эксперт Руслан Акматбек жооп беришти.
—Бишкекте 7-февралда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамдагы кемчиликтер талкууланып, жыйынтыгында ага өзгөртүү киргизүү сунушталды. Негизи бул мыйзам кандай иштеши керек? Фейк аккаунттарга каршы да иштей алдыбы?
Асел Сооронбаева: Бул чуулгандуу мыйзам парламентте регламенттин бузулушу менен, коомчулуктун нааразычылыгына карабай, кабыл алынган болчу. 2020-жылы пандемия учурунда да эл бул мыйзамга каршы нааразылык акцияларына чыгышкан.
Мыйзам долбоорун башында алып келгенде фейктерге каршы иштейт деп айтылган. Бирок мурунку бийликтин тушунда Жогорку Кеңеш үч окууда тең колдоп берсе да, ошол кездеги президент артка кайтарып, кайра иштеп чыгууну тапшырган. Кийинки бийлик келип, кайра кабыл алды.
Ошондо эле юристтер, медиа эксперттер бул мыйзам фейк аккаунттар менен күрөшө албай турганын, эч кандай механизмдер иштелип чыкпаганын, маданият министри аны көзөмөлдөгөнгө ресурсу жетпей турганын, мыйзам эркин медиаларга гана каршы иштейт деп анализ жасап, айтышкан. Бирок азыр ачык сүйлөгөн, эркин медиаларга каршы эле иштеп келе жатат.
Эң биринчи «Республика» басылмасынын сайты бөгөттөлгөн. Андан кийин 24.kg маалымат агенттигинин сайтын чектөө аракети болду, эми «Азаттыктын» сайтын бөгөттөп, медианы жабуу аракети болууда. Бул мыйзам бардык эле медиаларга карата кооптуу жагдайды жаратат. Себеби анын негизинде бир тараптуу эле блоктоп салса болот.
Фейктер болсо ишмердүүлүгүн улантып эле келе жатат. Бул мыйзам менен бир дагы фейк аккаунт блоктолгон жок. Аларга каршы баягы эле журналисттер, жарандык коом глобалдык платформалар менен чогуу күрөшүп жатат.
—Сөз эркиндигине карата мамиле, азыркы тенденция чын эле кооптуу болуп калдыбы? Коомдук көзөмөлдүн, эркин медиалардын болбогону кандай кесепеттерге алып келет?
Руслан Акматбек: Мен бир нерсеге таң калам, бизде тарых ушунчалык окшоштук менен кайталанат. Мен медиа тармагында да иштедим, коомдук иштерге да аралашып жүрөм, башкача айтканда «башыма жүн чыккандан бери» сөз эркиндигин талкуулап келатабыз.
Кыргызстанда башка проблема жоктой, ушул мыйзам сунушталгандан бери, 2020-жылдан тарта сөз эркиндиги тууралуу эле талкуулар уланып жатат. Азыр конкреттүү түрдө массалык маалымат каражаттарын жабуу процессин талкуулап жатабыз, муну «Азаттыктын» эле маселеси деп карабаш керек, сөз эркиндиги жөнүндө сөз болууда.
Бул көйгөй биздин жаңы тарыхыбызда Акаевдин убагынан эле башталган, ар бир президенттин журналисттерди чектеген аудиториясы бар, бир гана Роза Отунбаеванын убагында мындай болгон эмес. Бул эмнени көрсөтөт?
Бизде ким бийликке келбесин, тилекке каршы, жарандар, блогерлер, ЖМКлар Конституциядагы укугунан пайдаланып, пикирин ачык айтып чыкса, бийлик ал сынды көтөрө албай же көйгөй менен күрөшпөй, айтып чыккандар менен күрөшүп келе жатат. Бул абал мурунку бойдон эле уланууда.
Жада калса, таштанды көйгөйү да ЖМКга чыккандан кийин чечилип жатпайбы.
Мен таң калган дагы бир нерсе, бул жагдайларга параллелдүү эле биздин өлкөдө чыгып жаткан эл аралык каналдар Украинадагы маселелер боюнча бир тараптуу, калп маалыматтарды таратып жатат. Аларга эч ким унчукпайт, алардын «кол тийбестиги» бар, биз керек болсо бул каналдар үчүн акча төлөйбүз.
Негизи бүгүнкү күндө Кыргызстан артка кетпей, Ооганстан сыяктуу өлкөлөргө окшоп калбаганынын эң чоң себептеринин бири — массалык маалымат каражаттары. Учурда төрт бийликтин бири эле жакшы иштеп жатат. Азыр журналисттер санитарлардай болуп жатпайбы.
Авторитардык башкарууга ыктаган өлкөлөрдө биринчи оппозиция жок кылынат, экинчиси эркин медиалар, үчүнчүсү жөнөкөй жарандар репрессияга, коркутууларга кабылат. Биз Өмүрбек Текебаев айткандай ушул тенденцияга урган бойдон кетип баратабыз.
—Бийлик өкүлдөрү, депутаттар же эл арасында деле «чектөө керек, жоопкерчилик болуш керек, каалаганын айта беришеби?» деген пикирдегилер аз эмес. Жоопкерчиликти арттыруунун ЖМКларды жабуу же чектөөдөн башка жолу жокпу?
Асел Сооронбаева: Конкреттүү мисалды алсак, бийлик «Азаттыктын» сайтын жалган маалымат таратты деп бөгөттөп жатат. Баткен окуясын туура эмес чагылдырып жатат деген жүйө келтирилүүдө. Чындыгында журналист эки тарапты, керек болсо үчүнчү тарапты да чагылдырышы керек.
Буга кошумча «Азаттыкта» октябрдагы Кемпир-Абад окуясына байланыштуу иликтөө чыккан. Сентябрда Баткен окуясы, октябрда Кемпир-Абад маселесинен кийин басылманын сайты бөгөттөлүп жатат.
—Бүгүнкү күндө бир медианы жаап коюу мүмкүнбү?
Руслан Акматбек: Биринчиден, «Азаттык» жабылбайт. Булар ойлоп жатса керек, «келип, кулпу салып коет, анан кулпуну маданият министрлиги чөнтөгүнө салып алат» деп.
Бирок Орусияны мисал катары айтсак, биринчи көз карандысыз медианын баарын жок кылган, Украинадагы окуялар башталгандан кийин «Эхо Москвы» деген чоң радиону жапты. Андан кийин ал радионун журналисттери эркин журналист катары ар кандай басылмаларга барып, чет өлкөлөрдө чыгып, же өлкөнүн ичинде эле блогер болуп, күчтөнүп иштешти. Башкача айтканда, бийиликтин ЖМКны жапканы тескери эффект берди.
Азыркы технология заманында бир медианы жаап коюу техникалык жактан мүмкүн эмес. Ал үчүн интернетти жабыш керек анда. Мисалы, Кремль Telegramдын ачкычын сурабадыбы, анан, негиздөөчүсү ачкычты конвертке салып, алып келип бергенин билесиңер. Ошол сыңарындай, күчтүү, эл аралык медиалардын бири «Азаттык» жабылбайт, алардын 2 миллионго жакын аудиториясы бар, алар альтернативдүү маалыматты кимден маалымат алат анда?
Бизде мыйзамдар эмнеге кош стандарт менен иштейт?
Мисалы, УТРК убагында азыркы бийликтегилерди кандай гана жаманатты, «мокочо» көрсөтүп жатты эле? «Белизгейт» маселесинде кандай гана жалганга сугарган. Буга ким жооп берди? Эч ким жооп берген жок. Азыр да кээ бир телеканалдарды көрсөң, өлкө жыргап, өнүгүп жатат деп көрсөтөт. Бирок реалдуулук башка да.
Биздин катабыз эмнеде болуп жатат?
Биз коомдогу түрдүүлүккө (плюрализм) ой-пикирдеги айырмачылыктарды кабыл ала албай жатабыз дагы деле.
-Элдин медиасабаттуулугун жогорулатуу үчүн эмне иштер жасалышы керек?
Руслан Акматбек: Бардык эле саясий кадамдардагы эң чоң көйгөй – элдин медиасабаттуулугу жетишерлик эместигинен пайдаланып жатышат. Манипуляция күчөдү.
Мисалы, «Түркиядагы жер титирөөдөн улам кыргыз бийлиги биринчи жолу куткаруучуларды жөнөттү» деп маалымат таратып жатышат. Жок, биринчи жолу жиберип жаткан жок да.
1999-жылы зилзала болгондо мен Түркияда студент элем, ошондо эле кыргыз өкмөтү жардам берип, куткаруучуларды, боз үйлөрдү жиберген, биз аны куруп берип, аралашып жүргөнбүз. Бул эми тарых да, болгон нерсе. Муну жокко чыгаруунун эмне кереги бар?
Ушул сыяктуу жеңил-желпи, манипуляция жолуна өтүп алышты, бул кайра эле коомго тер таасирин берет.
Азыр эл маалыматты өзү иргеп алат, бирок сапатсыз продукцияга альтернатива катары сапаттуу да продукция сунуштоо керек. Бул бардык эле коомдордун маселеси.
—Асел айым, элдин медиасабаттуулугун жогорулатууда сиздер баштаган долбоор — фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн Checkit Media платформасы канчалык натыйжа берет деп ойлойсуз?
Асел Сооронбаева: Буга чейин биз төрт редакция биригип, иштеп келгенбиз, быйыл катарыбызга башка медиалар да кошулду. Эми чынында анык эмес, манипуляциялык маалыматтар өтө көп. Ошону аныктап, төгүндөп, бир аянтчага чыгарууну максат кылганбыз. Бул дагы калктын медиасабаттуулугун жогорулатууга багытталган чоң долбоор деп айта алам. Себеби маалыматты ылгаганды үйрөнгөнгө өбөлгө түзөт деп ойлойм.
—Мамлекет фактчекерлердин эмгектерин, жардамын кантип пайдаланса болот?
Асел Сооронбаева: Буга чейин мамлекеттик органдар менен иштедик. Мисалы, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя чыкканда фейк маалыматтар көп тарады. Айрыкча, былтыр сентябрдагы кандуу окуяда Тажикстан тараптан аябай көп фейк маалыматтар тарады. Ошол учурда биздин фактчекерлер өкмөттүк штаб менен бирге иштеп, ал маалыматтарды төгүндөп жатты. Тажик тарап биринчи кол салганын далилдешкен.
Мындан тышкары, коронавирус пандемиясы учурунда да ар кандай жалган маалыматтар тараганда, республикалык штаб менен бирге иштешкенбиз. Ошол сыңары, мамлекет өзү кызыктар болсо биз иштешүүгө, жардам берүүгө, керек болсо медиасабаттуулукту мектеп программасына киргизгенге, тренингдерди өткөрүүгө даярбыз. Бирок бийлик өкүлдөрү өздөрүнө керектүү учурда биз менен иштешет, башка учурда «булар бузукулар, батышчылдар» деген пропаганданы элге сиңирип койгон. Бул биздин ишибизди дискредитация кылып койгон. Негизи бул пропаганда иштейт негизи, формуласы жакшы.
Мисалы, Орусияда эркин журналисттердин баарын «чет элдик агент» деп белгилөө жөнүндө мыйзам чыгарып койду эле, тескерисинче, элдин сабаттуу бөлүгү аларга ишенип, так маалыматтарды тараткан ишенимдүү булак катары кабыл алышты.
Эгер биздин эркин медиаларды да ички душман катары көрсөтүп, маркировка кылдыра турган болсо, бара-бара элдин көзү ачылып, сапаттуу маалымат таратарына ишене баштайт. Себеби элди дайыма эле алдай албайсың да.