Биз менен байланышыңыз

Парламентте көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү демилгеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 460 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев ири шаарлардагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун сапатын, коопсуздугун текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

Депутат Бишкек жана Ош шаарларында акыркы он жылда уруксат берилбеген жерлерге да көп кабаттуу үйлөр курулуп кеткенин, бирок алардын сапаты эч кимди ойлондурбай калганын айтты.

«Чукул тартипте комиссия тузүп, ага өкмөттөн гана эмес, бейрасмий адистер да кирип, ар бир үйдү текшерип чыгышсын. Канчалык мыйзамдуу салынган, коопсузбу, сапаты кандай, баарын текшерүү керек» , — деди депутат Алиев.

Ушундай эле пикирди дагы бир депутат Марлен Маматалиев кубаттап, Бишкекте акыркы жылдары курулган үйлөр сапатсыз салынып жатканын сындады. Ал жаңы курулган турак жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссия буга чейин түзүлгөнүн айтты, азыр анын ишмердүүлүгүн узартып, үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерүү милдетин да жүктөө керектигин кошумчалады.

«Бишкектин түштүк жагында тиктоникалык жарака бар. Совет мезгилинде ушундан улам ал жерге эч нерсе курулган эмес. 12-кичирайондо акыркы курулган үйлөрдү карагылачы. Атайын сейсмикалык резиналарды коюп, илимий изилдөөлөр жүргүзүп, үйлөрдүн 9 баллга чейин туруштук берери аныкталган. Бүгүнкү күндө түштүк магистралында түрк технологияларынын негизинде кичи райондор курулуп жатат. Аны ким текшерет? Ким жооптуу? Ар бир үйдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерүү керек», — деди Маматалиев.

Депутат Русланбек Жакышов Бишкектеги башаламан курулуштарды текшерүү үчүн мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүү сунушун колдоду. Комиссиянын курамына министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ошондой эле адистер, эксперттер жана жарандык активисттер кирүүсүн талап кылды.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов Түркияга жардам берүүнү улантып, боз үйлөрдү жиберүүнү сунуштады.

«Боз үйлөрдү жөнөтүү боюнча чечим кабыл алсак, себеби бизде боз үйдү бат кура калган өнөрпоздор бар экен. Өзүбүз да мүмкүнчүлүгү барлар, бир күндүк айлык акыбызды берсек. Биз түрк эли менен биргебиз жана бардык жардамдарга даярбыз», — деди Атазов.

Түркия менен Сирияда 6-7-февралда болгон катуу жер титирөөлөрдөн акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 7,7 миңден ашса, жабыркагандардын саны 35 миңден ашты.

Copyright © 2017 Maral FM