Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааларга мунапыс берүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү

Коом | 7 Фев 2023 | 553 | 0

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы оң рулдуу унааларга мунапыс берүү боюнча жумушчу комиссия түзүп, маселени 10-февралга чейин чечүү тапшырмасы берилди. Ага байланыштуу бүгүн аталган инспекциянын өкүлдөрү демилгенин ишке ашышы тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү. Аны менен катар башкармалыктын өткөн жылда жасаган иштери, быйылкы жылга коюлган пландары боюнча отчёт берилди. Мындан сырткары жыйында жол кырсыктарын азайтуунун жаңы чаралары тууралуу жана «Коопсуз жол» программасын иштеп чыгуу боюнча да сөз болду.

Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы бөлүмүнүн башчысы Манас Сыдыгалиев былтыр жол кырсыгынан каза болгон адамдардын саны 20 пайызга азайганын билдирди.

Ал учурда башкармалык тарабынан жол кырсыктарын азайтуу максатында бир топ иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Былтыр өлкөнүн аймактарында жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык тиешелүү жумуштарды аткардык. Мындан сырткары жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдадык. Ал Жогорку Кеңеште үч окуудан өтүп, бүгүнкү күндө президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Эгер бул мыйзам күчүнө кирсе, «Укук бузуу» кодексиндеги айрым беренелерине өзгөртүүлөр киргизилет».

Мониторинг борборунун жетекчиси Бакыт Акжолтоев өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын 60 пайызын оң рулдуу автоунаалар түзөрүн билдирди.

«Оң рулдуу автоунаалар Кыргызстандын транспорт жолдоруна туура келбейт. Ушул сыяктуу критерийлерди эске алуу менен такси кызматкерлерине да уруксат бербөө чечими киргизилди».

Мындан сырткары Акжолтоев өткөн жылдагы «Коопсуз шаар» долбоору боюнча катталган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди.

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча 2022-жылда чыгарылган токтомдун негизинде 685 миң 709 мыйзам бузуулар катталган. Ал эми аларга карата салынган айып пулдардын саны 699 млн 151 миң сомду түздү. Учурда «Коопсуз жол» деп аталган дагы бир долбоор ишке кирип жатат».

Башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн башчысы Адил Нефтулаев мекеме былтыр эл ташыган тогуз миң айдоочуну айыпка жыкканын маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомдук транспорттордун айдоочулары жол эрежелерин сактап айдоого аракет кылышууда.

Эгерде маршруткалардын айдоочулары эреже бузса, 0(312) 63-09-01 номерине кайрылса болот.

«Бустардын айдоочулары жолдо жакшы жүрүп калды. 2022-жыл ичинде техникалык көзөмөл бөлүмү жүргүнчү ташыган ишкананын 200 жетекчисин айыпка жыккан. Андан сырткары автобус жана кичи автобус айдагандардын ичинен 9 154 айдоочу да акчалай айып төлөгөн. Эл ташыган айдоочулар менен жолдо башка автоунааны кубалап өтпөө, каршы тилкеге чыкпоо сыяктуу бир канча эрежелерди сактоо боюнча эки миңге чукул сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылынын эрежелери менен жүрө башташты, бирок баары эмес. Эрежени сактабагандар да бар. Аларга карата тиешелүү протоколдор түзүлөт».

Ал эми башкармалыктын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу өткөн жылы транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү түзүлгөнүн айтты.

Бөлүм тарабынан өлкө боюнча 270 автомектеп аныкталып, алар боюнча азыркы күнгө чейин иштер жүрүп жатат.

«Өлкө аймагындагы автомектептердин ишмердүүлүгү бөлүм тарабынан текшерүүгө алынды. Алардын ичинен 22 автомектептин лицензиялык талаптарга жооп берери аныкталган. Ал эми 12 автомектеп лицензиялык талаптарга толук кандуу жооп бербегени үчүн 90 күнгө токтотулган. Дагы 12 автомектептин лицензиясы жокко чыгарылды. Текшерүүлөрдүн натыйжасында 236 эскертме барактарды берүү менен автомектептерге жалпысынан 1 млн 605 миң сом айып пул салынган».

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө жол кырсыгынан 690 адам каза болду. Ал эми 2021-жылы 869 адам көз жумган.

Мындан сырткары бир жыл ичинде өлкөнүн жолдорунда 861 миңден ашык эреже бузуу катталып, жалпы айып пул 506 миллион сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM