Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде гүл бакча ачылат

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 214 | 0

Бишкектеги Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бардык күркөлөрдү бузуп, коомдук бакча куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

№176 үйүнүн жашоочулары Биринчи Май районунун башчысы Максатбек Сазыкуловго гүл бакча куруу өтүнүчү менен кайрылып, көп кабаттуу үйдүн маңдайындагы жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштери башталды.

Мэрия билдиргендей, соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлдү, алар үчүн ыңгайсыздык жаратпай турган башка жер каралат. Киев көчөсүндөгү «Ордо» бизнес-борборуна чейинки бардык объектилер алынат.

Мындан тышкары коомдук транспорт үчүн заманбап аялдама комплексин орнотуу пландалууда, ал жерге жылуу бөлмө, жүздү аныктоочу видеокөзөмөл камералары коюлат.

Төмөндө долбоорлордун эскиздери (иллюстрациялык сүрөт).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM