Connect with us

Түркияда муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 208 | 0

Түркиянын Адана шаарында муктаж болгон Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Адана шаарындагы Кыргызстандын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан алып барышып, ысык тамак беришкен. Ошондой эле коопсуз жайга көчүрүп чыгарышкан.

«Аданада 1984-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык, учурда ал ооруканадан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM