Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) «Клооп» басылмасынын макаласына каршы арызын чакыртып алды. Бул тууралуу аталган басылма жазды.
Маданият министрлигинин катында АРИС арызын 2-февралда чакыртып алганы айтылат.
Маданият министрлиги «Клооп» (Kloop) басылмасына АРИСке байланыштуу макаланы алып салууну талап кылган кат жөнөткөнү 2-февралда белгилүү болгон. Министрлик бул материалда «жалган маалымат» берилгенин белгилеген.
Эгер талап аткарылбаса министрлик басылманын сайтынын ишин эки айга чейин бөгөттөй турганы эскертилген.
Ага чейин АРИСтин өкүлдөрү журналисттерден макаланын баш темасын алмаштырууну талап кылышкан, себеби аны туура эмес деп эсептешкен. «Клооп» Маданият министрлигинин катына материал өчүрүлбөйт деп жооп берген.