Баткен облустук сотунун катчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту («Пара алуу») боюнча 300 миң сом акчаны кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш. кармалды.
Ал акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада бергени маалым болду. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүүдө.