Биз менен байланышыңыз

Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 271 | 0

Бишкекте Улуттук академиялык опера жана балет театрында белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, кинорежиссёрдун жакындары катышууда.

Геннадий Базаровдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

6-февралга караган түнү Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаров 81 жашында дүйнөдөн кайтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM