Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк валюта базарына 47,1 млн доллар сатты

Кыска кабар | 7 Фев 2023 | 187 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 47,1 млн АКШ долларын сатты. Банктын маалыматына караганда, доллар 86,25 — 86,77 сом менен сатыкка чыгарылды.

10-январда Улуттук банк валюта базарына 104 млн 250 миң доллар саткан. Өткөн жылы 15 жолу интервенция жасап, анын ичинен сегизи 486,5 млн долларга чет элдик валютаны сатуу жана жети интервенция 190,74 млн долларды сатып алуу боюнча болгон.

Бүгүн, 7-февралга карата доллардын расмий курсу 86 сом 25 тыйын болууда. Акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банкарда 86-87 сомдун тегерегинде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM