Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Эрдоганга зилзалага байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 265 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

6-февралга караган түнү Түркия менен Сирияда очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен Түркиянын ар кайсы шаарлардагы ондогон имарат кыйрап калган. Түркияда 76 адам каза таап, 440 адам жабыркаган.

Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө 237 адам каза болуп, 639 адам жабыркаган.

Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Дипломатиялык өкүлчүлүгк маалыматты тактоо иштерин улантууда. Мекендештерге консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM