Биз менен байланышыңыз

«Жаштар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 274 | 0

«Жаштар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өтөт. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны 14-февралда Ак үйдүн жыйындар залында уюштурулат.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков белгилегендей, мыйзам долбоору жаштардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун механизмдерин белгилөө, ошондой эле «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» мыйзамдын колдонуудагы ченемдерин актуалдаштыруу максатында даярдалган.

Документ колдонуудагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM