Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 273 | 0

Тышкы иштер министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдө жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү маалыматты тактоо иштерин улантууда. Мекендештерге консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Түркия менен Сирияда очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын кесепетинен Түркиянын ар кайсы шаарлардагы ондогон имарат кыйрап калган. Түркияда 76 адам каза таап, 440 адам жабыркаган.

Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөдө 237 адам каза болуп, 639 адам жабыркаган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):

+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Анталиядагы башкы консулдук:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

Стамбулдагы Башкы консулдук:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Copyright © 2017 Maral FM