Кыргызгидромет билдиргендей, 7-февралга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Бишкекте 7-февралга караган түнү жана күндүз, жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -…-2, күндүз +6…+8 болот.