Биз менен байланышыңыз

Өз алдынча дарылануудан жабыркагандар көбөйдү

Ден соолук | 6 Фев 2023 | 1436 | 0

Өлкөдө быйыл январда анафилактикалык шок менен 9 бейтап катталып, бирөө көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Териштирүү жүргүзгөндө мындай реакция Цефтриаксон дарысын (Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусия өлкөлөрүндө өңдүрүлгөн) көпчүлүк учурда үй шартында колдонгондон кийин пайда болгону аныкталган. Ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы менен өлкө боюнча 13 учур катталып, 4 бейтап көз жумган. Дарыгерлер анафилактикалык шокко кабылгандардын саны өсүп жатканы чочулай турган көрүнүш экенин айтышууда. 

Кыргызстанда январь айында бейтаптарда күчтүү антибиотик – цефтриаксон сайылгандан улам пайда болгон анафилактикалык шоктун 9 учуру катталып, алардын бири өлүмгө алып келген.

Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, колдонулган дарылар ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнөн келген: Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусия.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин фармакологиялык көзөмөл жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова 2022-жылдын жыйынтыгында жалпы 13 учур катталып, төртөө көз жумганын айтат. Ал эми быйылкы жылдын биринчи айында эле өлкө боюнча 9 учур катталып, бирөө каза болду.

Ал анафилактикалык шоктун учурларынын көбөйүшү антибиотиктерди көзөмөлсүз, рационалдуу эмес колдонуунун натыйжасында болуп жатканын айтты.

«Ар бир адам түшүнүшү керек, терс таасирсиз бир да дары жок. Үй шартында аптечка жок болгондо бул өтө кооптуу. Жыл башынан бери биз медицина кызматкерлерине жана жалпы калкыбызга ар кандай терс реакциялар тууралуу билдирүүнү камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Жарандар медициналык көзөмөлдөн өтүп, анализдин жыйынтыгы менен гана дарыларды ичип, укол алышы керек. Дарыгерлер түшүндүрүп, маалымат бергиси келбеген учурлар да бар».

Анафилактикалык шок – бул тез, ылдам түрдөгү аллергиялык реакция. Анафилактикалык шокто дем алуу өтө кыйындайт, кан басым төмөндөйт, эстен танып калуу мүмкүн.

Дарыгер Максат Кайратов жаран кайсы бир дарыга аллергиясы бар экенин билиши үчүн медициналык текшерүүдөн өтүшү керектигин белгиледи.

Анын айтымында, эгер аны аныктабай туруп дарыны колдонсо, анафилактикалык шокко алып келиши мүмкүн. Аягы өлүм менен да аякташы ыктымал. Мындан улам дарыгер жарандарды өз алдынча дарыланбоого чакырат.

«Кыргызстанда тилекке каршы, антибиотикти туура эмес, өз алдынча көп колдонгондуктан антибиотикке болгон туруктуулук өсүүдө. Антибиотикти дарыгердин гана көзөмөлүндө колдонуу керек. Айрым антибиотиктер аллергиялык реакцияны пайда кылып, анафилактикалык шокко алып келет. Анафилактикалык шок – бул аллергиялык реакция. Алдын ала анализдерди тапшырып, кайсы дарыга аллергиясы бар же жок экенин аныктаса болот. Эгер бир дарыга аллергия болсо, анда аны башка дары менен алмаштыруу керек».

Дагы бир дарыгер, аллерголог Эсен Султанов кандайдыр бир дарыны колдонгондон кийин терс таасир берсе, дароо дарыгерге кайрылуу керектигин айтты.

Ал бир эле бейтапта анафилактикалык шок эки жолу кайталанып калышы мүмкүн экенин белгилейт. Анын айтымында, экинчи учур өтө оор абалда өтөт.

«Дарыгерлер гана кайсы дарыга аллергия болуп жатканын аныктай алышат. Алар кайсы аллергенге каршы реакция болуп жатса, ошону организмден чыгарышат. Бул алардын биринчи милдети. Реакциясын токтотуу керек. Айрым учурда экинчи жолу да шок кайталанып калышы мүмкүн. Мисалы, дарылап, биринчи шоктон чыгарып алгандан кийин анын таасири калып, кайра экинчи жолу кайталанышы ыктымал. Бирок анда белгилери бир аз башкача болот. Бейтап өзүн жоготуп коёт, өтө эле алсыз болушу мүмкүн, дем алалабай калышы да ыктымал, кыймылдай албай калышы мүмкүн. Бул болсо анафилактикалык шоктун экинчи таасири».

Министрлик ооруган адамдар түрдүү дарыларды үйүнө медайымды чакырып же башка өз алдынча шартта сайдырган учурлар менен катар анафилактикалык шок болгондор көп каттала баштаганын эскертип, ийнени медицина жайында тийиштүү кызматкердин көзөмөлү астында гана алуу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM